Үн – жашообузду кооз кылган эң негизги элементтердин бири. Бир саамга ойлонуп көрсөңүз: жымжырт бир дүйнөдө жашоо кандай болмок эле?
Артыбыздан байкоосуз келип калган чоң коркунучту сезе алмак эмеспиз. Айланабыздагы окуялардан кабарыбыз болбой, музыка деген жакшылыкты биле алмак эмеспиз. Жакшы көргөндөрүбүз менен байланыш кура албай, эч кимге оюбузду оңой жеткире албай, билгендерибизди айтып бере алмак эмеспиз.
Угуу сезимибиздин негизин түзгөн ички кулак жана мээдеги угуу борборубуз бир сантиметр кубдан (см3), б.а. бир канттан да аз орунду ээлейт. Бизге айланабыздагы үндөрдү уктурган кулагыбыз өтө татаал механикалык, гидравликалык жана электрондук түзүлүштөрдү камтыган миниатюралык бир инженерия долбоору сыяктуу.
Дүйнөдөгү бүт технологиялык продукциялар, план жана долбоорлор илимий жетишкендиктердин бир натыйжасы. Ар бир жаңы имарат же машина мурдакыларга тиешелүү маалыматтарды чогултуп, жаңылап, кошумчаларды жасап өнүктүрүүдөн келип чыгат. Бирок кулак пайда болушу үчүн и